Ссылки доступа

Агадилдин уулунун өлүмү боюнча негизги шектүү айыптоолорду четке кагууда


Жанболат Агадил
Жанболат Агадил

Казакстанда маркум активист Дулат Агадилдин уулунун өлүмү боюнча негизги шектүү Омиржан Рахмет айыптоолорду четке кагууда. Бул тууралуу анын адвокаты Жандос Туяков билдирди.

«Рахметтин айтуусу боюнча сурактан кийин аны өзүнчө бөлмөгө алып кирип, жогорку кызматтагы полициянын өкүлдөрү менен жолуктурушкан. Алар анын камера алдында Агадилдин үй-бүлөсүнөн кечирим сурашын жана мушташтын айрым деталдарын айтып берүүсүн өтүнүп, дароо үйүнө кое бере тургандыктарын билдиришкен. Эң кызыгы — ал учурда шектүү Жанболат Агадилдин өлүп калганын билген эмес», — деди адвокат.

Күн мурун интернетке полиция департаментинде тартылган бул видео жарыяланган. Адвокаттын айтымында, полициянын видеону жарыялап, тергөөнүн чоо-жайын ачыкка чыгарууга укугу жок болчу. Ал полиция кызматкерлеринин бул аракети боюнча прокуратурага кайрылууга ниеттенип жатат. Доо арызды 21 жаштагы Омиржан Рахмет өзү жазып, эч кимди өлтүрбөгөнүн билдирди. Бул иште андан тышкары дагы эки киши шектүү катары өтүүдө. Азырынча алар боюнча эч кандай маалымат жок.

Нур-Султан шаардык полиция департаменти видеону полиция кызматкерлери тартпаганын жана интернетке жарыялабаганын билдирди.

«Бул видеону биз тараткан жокпуз. Расмий кат менен кайрылыңыздар, жооп берүүгө аракет кылабыз», — деди мекеменин басма сөз катчысы Эльмира Шауленова.

17 жаштагы Жанболат Агадил 11-ноябрда Нур-Султандын четиндеги массалык мушташта бычак жеп каза болгон.

XS
SM
MD
LG