Ссылки доступа

Булак: Тажикстанда кармалган белгилүү дин кызматчысы алдын ала камакка алынды


Белгилүү тажик дин кызматчысы Эшони Сирожиддин

Тажикстанда кармалган белгилүү дин кызматчысы Сирожиддин Эшони (Сирожиддин Абдурахманов) алдын ала камакка алынды. Бул тууралуу «Озоди» радиосу өз булактарына таянып билдирди.

Булактын айтымында, Сирожиддин Эшонини жана шакирттерин камакка алуу чечимин Душанбенин Исмоили Сомони райондук соту кабыл алган.

«Дин кызматчысынын камакка алынышы боюнча комментарий болбойт, анткени бул жашыруун иш. Кармалгандардын баары алдын ала камакка алынышты», — деди булак.

Тажикстанда салафиттердин бейрасмий лидери катары таанымал Сирожиддин Эшони 12-ноябрда Душанбе шаарындагы үйүндө кармалып, компьютери жана диний китептери конфискацияланган. Аны менен кошо бир нече шакирти да кармалган.

Азырынча Тажикстандын укук коргоо органдары белгилүү дин кызматчысынын кармалышы боюнча комментарий бере элек. 13-ноябрда өлкөнүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) расмий өкүлү аларда Сирожиддиндин кармалышы боюнча маалымат жок экенин билдирген.

Сирожиддин Эшони 2009-жылы камалып, жети жылга эркинен ажыратылган. Анда ага «улуттук, расалык жана диний кастыкты козуткан» деген айып тагылган. Ал абактан 2013-жылы мунапыс менен бошотулган.

Былтыр апрелде Сирожиддин Эшони видеокайрылуу жасап, бийликтин мобилдик Интернетти кымбаттатканын кубаттаган жана Интернетти «кылымдын оорусу» деп атаган. Ошол эле маалда ал Интернетти такай колдонот жана соңку кездери «Ютуб» каналы аркылуу колдонуучулардын дин тууралуу суроолоруна жооп берип келген.

Видео

Видео

Соодасы солгундаган "Дордой"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:15:49 0:00
XS
SM
MD
LG