Ссылки доступа

Өзбекстанда 2021-жылдын июнуна чейин калктын 60% коронавируска каршы эмделет


Өзбекстанда 2021-жылдын июнь айына карата калктын 60% ашыгын коронавируска каршы эмдөө пландалууда. Бул тууралуу өлкөнүн Санитардык-эпидемиологиялык агенттигинин директорунун орун басары Ботиржон Курбанов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө эмдөөнү уюштуруу боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

«Азыр биз дүйнөдө ким алгачкылардан болуп вакцинасын каттайт, ким сата баштайт деп күтүп жатабыз. Вакцина аларыбыз менен эмдөө иштерин баштайбыз», — деди Курбанов.

Буга чейин Өзбекстандын инновациялык өнүгүү министри Иброхим Абдурахманов өлкө Кытайдын, Орусиянын, Европанын жана АКШнын вакциналарын сыноодон өткөрүүнү көздөп жатканын билдирген.

Видео

Видео

Мигранттар баккан Боз-Адыр
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:30:03 0:00
XS
SM
MD
LG