Ссылки доступа

UzAuto Motors 9 айда бюджетке $56 млн салык төлөгөн эмес


2020-жылдын 9 айында UzAuto Motors компаниясы жергиликтүү өндүрүштөн чыккан автоунааларды сатууда бюджетке 56 млн доллар салык (582,6 млрд сум) төлөгөн эмес.

Өзбекстандын Эсеп палатасынын маалыматына караганда, мыйзам боюнча жаңы сатылып алынган машине үчүн автоунаа өндүргөн компания республикалык жол фондуна 3% салык төлөйт.

Маалыматта «Узавтосаноат» ишканасы 2019-жылдын 1-октябрынан бери бул төлөмдү төлөбөй келгени белгиленген.

Эсеп палатасы өкмөткө автоөндүрүүчүлөр үчүн жеңилдиктерди карап чыгууну сунуштаган.

Быйыл жайында Монополияга каршы комитет UzAuto Motors компаниясын атаандаштык жөнүндө мыйзамды бузганын белгилеп, бааларды азандатуу боюнча эскертүү берген.

Комитеттин маалыматына караганда, UzAuto Motors автоунаалардын баасын негизсиз түрдө 3 миллондон 19 миллион сумга (300дөн 1900 долларга ) чейин көтөрүп жиберген.

Компания автоунаалардын баасын төмөндөтүүдөн баш тарткан жана Монополияга каршы агенттиктин чечимин сотко берген.

30-октябрда Ташкент шаардык соту UzAuto Motors компаниясынын доо арызын канааттандырган.

Видео

Видео

Манасчы Дөөлөттүн өнөр сереси (тасма маек)
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:57:50 0:00
XS
SM
MD
LG