Ссылки доступа

Опера жана балет театрынын мурдагы директору менен соцфонддун төрагасы кармалды


Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын мурдагы жетекчиси Болот Осмонов «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген шек менен кармалды.

Бул тууралуу 19-ноябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кабарлады.

Мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискурдун айтымында, ал мамлекетке 1 миллион сомдон ашуун зыян келтирген деп айыпталууда.

«Бул мекеменин мурдагы директору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин жана маданият менен искусствонун кызыкчылыгына каршы келген келишим түзүп, мамлекеттик бюджетке өзгөчө чоң өлчөмдөгү – 1 миллион сомдон ашуун зыян келтиргени аныкталды», - деди ал.

Болот Осмонов театрды 2015-2919-жылдары жетектеген.

Бүгүн анын бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда каралат. Осмонов же анын жактоочулары Финполдун айыптоосу боюнча маалымат бере элек.

Бул арада Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев кармалганын маалымдады.

Мекеме тараткан маалыматта Социалдык фонддун кызмат адамдарынан турган топ мыйзамсыз акча өндүрүү максатында системалык негизде жана мажбурлоо жолу менен соцфонддун аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилеринен акча чогултуп турганы аныкталганы айтылат.

Сотко чейинки иликтөөнүн жүрүшүндө мыйзамсыз акча чогултууга Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин тиешеси бар экени тууралуу төгүндөлгүс маалыматтар түшкөн.

Чогулган материалдардын алкагында 2020-жылы 18-ноябрда Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев кармалып, тергөө абагына киргизилген.

Видео

Видео

Булак суусуна балык баккан эки ишкер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:07:20 0:00
XS
SM
MD
LG