Ссылки доступа

Душанбе-Хожент жолу жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу жабылды


Ашуулардагы калың карга байланыштуу Душанбе-Хожент-Чанак трассасында чиркегичи бар жүк ташуучу унаалар менен фуралардын жүрүшүнө убактылуу тыюу салынды.

Тажикстандын бардык аймактарында 19-ноябрга караган түнү калың кар жааган. Анын алдында Гидрометеорология агенттиги 18-21-ноябрда суук түшүп, өрөөндөрдө жаан карга айланарын, тоолуу аймактарга калың кар түшөрүн эскерткен.

Душанбе-Хожент-Чанак жолун тейлеген IRS компаниясы жүк ташуучу унаалардан башкалары ээн-эркин жүрө аларын кошумчалады.

Соцтармактардын айрым колдонуучулары калың кардан улам Душанбе-Хожент-Чанак жолунда автоунаалардын жүрүшү кыйындаганын билдиришти. IRS ушул тапта кар тазаланганын айтууда.

Innovative Road Solutions компаниясы 2009-жылы Виргин аралдарындагы офшордо каттоодон өткөн. 2010-жылдан бери анын филиалы Тажикстан өкмөтү менен келишим түзүп, автожол инфраструктураларын башкарып келет.

Тажикстандагы акы төлөнгөн Душанбе-Чанак жолунун узундугу 410 чакырымды түзөт. Трасса Согди облусун Душанбе менен байланыштырып турат.

Видео

Видео

Соодасы солгундаган "Дордой"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:15:49 0:00
XS
SM
MD
LG