Ссылки доступа

Тажикстан трассаларында 400дөн ашуун ажаткана салынган


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы Туризмди өнүктүрүү комитети өлкөдөгү ири трассалардын боюнда 400дөн ашуун ажаткана курулганын маалымдады.

Ошол эле маалда айрым жүргүнчүлөр дааратканаларда суу, самын жана кагаз коюлбаганын билдиришип, антисанитарияга даттанышууда.

Туризмди өнүктүрүү комитети жол боюндагы ажатканалардын абалын дайыма текшерип туруу үчүн чакан топ түзүлгөнүн белгилеп келет.

“Туризмди өнүктүрүү борбору” коомдук уюмунун жетекчиси Бахриддин Исамутдинов дааратканалардын айрымдары иштебей турганын, бул туристтер үчүн ыңгайсыз экенин билдирди.

“Бул көйгөй тууралуу 2013-жылдан бери айтып келебиз. Чет өлкөлүк туристтер бир нече саат бою жолдо бир да ажаткана таппай коюшкандан кийин туалеттер курула баштаган. Жол боюндагы ажатканаларда тазалык сакталган эмес, көбү жабык”, - деди ал.

2015-жылы араб туристтеринин тобу Тажикстанды кыдырып жүрүп, Душанбеден Восей районуна баратканда жолдон ажаткана таппай коюшканын билдиришкен. Ошондон кийин трассалардын боюнда ыңгайлуу дааратканаларды салуу маселеси көтөрүлө баштаган.

XS
SM
MD
LG