Ссылки доступа

Анжиянда суукта окуучуларды жылуу кийимсиз сыртка чыгарган директор иштен алынды


Сүрөт блогер Нозим Сафаринин Телеграм-каналынан алынды
Сүрөт блогер Нозим Сафаринин Телеграм-каналынан алынды

Анжиянда суук аба ырайына карабастан окуучуларды жылуу кийимсиз сыртка чыгарган мектеп директору иштен алынды. Бул тууралуу 23-ноябрда облустук билим берүү башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 19-ноябрда № 43 орто мектепте болгон. Окуучулар «Жаңы Өзбекстан — жаңы көз караш» урааны менен өткөн акциянын алкагында сыртка чыгып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн желектерди булгалап тосуп алышкан.

Окуяны иликтөө үчүн түзүлгөн жумушчу топ балдар сыртта болгону 2-3 гана мүнөт болгонун, андан кийин дароо класска кайтып барышканын билдирди.

Расмий билдирүүдө бул боюнча ата-энелерде эч кандай нааразылык болбогону белгиленген. Бирок буга карабастан мектеп директору менен анын орун басары жумуштан алынган.

Буга чейин социалдык түйүндөргө окуучулардын жылуу кийимсиз сыртта тизилип турганы, алардын жанындагы чоң кишилердин пальто жана куртка кийип алганы тартылган сурөттөр жарыяланып, колдонуучулардын сынына кабылган.

XS
SM
MD
LG