Ссылки доступа

БШК: Президенттик шайлоого талапкер көрсөтүү мөөнөтү аяктады


Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады. Бул тууралу 25-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы (Боршайком) кабарлап, 47 адамдын тизмесин жарыялады.

Жалпысынан 65 арыз түшкөн, алардын бирөө партиядан, калгандары өзүн өзү көрсөткөндөр. 30у коммерциялык эмес уюмдарда иштегендер, 24ү убактылуу жумушсуздар, бешөө мамлекеттик органдарда иштегендер, үчөө Жогорку Кеңештин депутаты, үчөө пенсионер болчу.

Талапкер болууну каалаган тогуз адамдын мамлекеттик тилди тийиштүү деңгээлде билгени тууралуу сертификаты жок болгондугуна жана үч адамдын соттуулугу жоюла электигие байланыштуу 19-ноябрда Боршайком алардын (12 адамдын) документтерин кайра кайтарып берген.

Мындан тышкары, алты адам шайлоого катышуудан өз каалоосу менен баш тартты.

Ошентип, бүгүнкү күнгө карата талапкер болуп катталууну каалагандардын саны 47 адамды түзүүдө.

Аларга эми банк мекемелеринен эсеп ачып, элден кол топтоп, шайлоо күрөөсүн төгүп, жетишпеген документтерин толуктоого 6-декабрга чейин убакыт берилет. Андан соң Боршайком документтердин мыйзамга шайкеш келишин текшерүүнү жүргүзүп, бул жараян 14-декабрга чейин уланып, каттоо мөөнөтү күндүн акырында аяктайт жана 15-декабрдан тартып шайлоо алдындагы үгүт башталат.

2017-жылы алты жылдык мөөнөткө президенттикке шайланган Сооронбай Жээнбеков бийликти быйыл парламенттик шайлоодон соң башталган башаламандыктан кийин өткөрүп берген. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга белгиленген.

2017-жылы президенттик шайлоого катышуу ниетин 57, ал эми 2011-жылы 87 адам билдирген.

XS
SM
MD
LG