Ссылки доступа

Өзбекстандын лабораторияларында коронавируска каршы кытай вакцинасынын сапаты текшерилүүдө


Өзбекстанда кытай вакцинасын клиникалык сыноодон өткөрүүнүн биринчи жана экинчи баскычтарындагы документтер экспертизадан өткөрүлүп, анын сапаты текшерилүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн Фармацевтика тармагын өнүктүрүү агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, мекеме текшерүү үчүн 19-ноябрда Өзбекстандын Инновациялык өнүгүү министрлигинен вакциналарды, плацебо үлгүлөрүн жана тиешелүү стандарттар менен реагенттерди алган.

Бүгүнкү күндө вакцинанын биринчи жана экинчи баскычтагы клиникалык сыноосунун документтерин Мамлекеттик экспертиза борборунуна караштуу фармокологиялык комитет изилдөөдө.

Мындан тышкары вакциналардын сапатын Стандартташтыруу жана фармакотоксикологиялык лаборатория текшерип жатат.

Октябрдын башында коронавируска каршы кытай вакцинасын Өзбекстанда сыноодон өткөрүүнү уюштуруу боюнча Кытай илимдер академиясынын Микробиология институту жана Anhui Zhifei Longcom Biopharmacyeutical компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнү кабарланган.

Өткөн жумада Өзбекстан кытай вакцинасын тестирлөөнүн үчүнчү баскычына даярданып жатканы, ага 5 миң ыктыярчы катышары белгилүү болгон. Өлкөнүн инновациялык өнүгүү министри Иброхим Абдурахманов Өзбекстан мындан тышкары Орусиянын, Европанын жана АКШнын вакциналарын да сыноодон өткөрүүнү пландап жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG