Ссылки доступа

Түркмөнстанда бюджеттик кызматкерлерден Бейтараптык майрамы үчүн акча чогултулууда


 Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

Түркмөнстандын Лебап облусундагы бюджеттик мекемелердин кызматкерлери жергиликтүү бийликтин кезектеги иш-чарасы үчүн кайрадан акча чогултуп жатышат.

Өткөн аптада облустагы Фарап, Дарганата райондорунун полиция, мектеп, бала бакча, оорукана кызматкерлеринин айлык акысынан 70тен 100 манатка (20-28 доллар) чейин акча кармап калышкан.

Аймактагы бюджеттик кызматкерлердин бири “Азаттыктын” түркмөн кызматына: “Мекеме-ишканалардын жетекчилери бул каражат 12-декабрда белгилене турган Бейтараптык күнүнүн 25 жылдыгына арналган ураандарды жана транспаранттарды жасоого жумшала турганын айтышты. Ураандар көчөлөргө илинет”, - деп билдирди.

Мындан тышкары акчанын бир бөлүгү коронавирустун алдын алуу үчүн беткап тагынууга, эки метрлик аралыкты сактоого жана антисептиктерди колдонууга чакырган плакаттарды сатып алууга жумшалары айтылган.

Түркмөнстанда мамлекеттик органдар уюштурган иш-чаралардын чыгымдарын бюджеттик кызматкерлердин эсебинен жабуу көнүмүш адатка айланган. Өлкөдө пахта терим, талааларды отоо үчүн жумушчуларды жалдоо, президенттин портреттерин жана велосипеддерди сатып алуу үчүн да карапайым кызматкерлерден акча чогултулат.

XS
SM
MD
LG