“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, акыркы күндөрү полиция Түркмөнабад базарларындагы акча алмаштыруу жайларына каршы күрөштү күчөттү. Мунун себептери белгисиз.
“Валютачыларды таң эрте эле кууп башташат. Полициячылардын арасында жарандык кийимчен кызматкерлер да бар. Алар валютачылардын ордуна туруп алып, келген кишилерди кууп жатышат”, - деди жергиликтүү тургундардын бири.
Түркмөнстанда банктар валюта алмаштырууну токтоткондон кийин базарларда акчаны реалдуу баада алмаштырууга мүмкүн болгон көмүскө түйүндөр пайда болгон.
Түркмөнстандын Борбордук банкы бир нече жылдан бери валюта курсун өзгөртө элек. Доллардын расмий куну 3,5 манат бойдон турат. Реалдуу түрдө учурда 1 АКШ доллары 25,6 манатка бааланууда.
Түркмөнстанда валюта сатууну Улуттук коопсуздук министрлиги менен Ички иштер министрлиги көзөмөлөйт.