Мекеменин маалыматына караганда, өткөн сутка ичинде он бейтап каза болду. Алардын үчөөнө «пневмония», калганына COVID-19диагнозу коюлган.
Бүгүнкү күнгө карата Казакстанда коронавирус инфекциясына кабылган 12 651 киши дарыланып жатса, алардын 3 392си гана стационарларда.
Жекшемби күнү жарыяланган маалыматка ылайык, өлкөдө вирус жуктургандардын жалпы саны 130 865 кишиге жетти. Бул статистикага COVID-19дун белгилери бар, бирок анализи таза чыккан адамдар кошулган жок. Аларга 1-августтан тартып «коронавирустук пневмония» деген диагноз коюлуп, өзүнчө эсептеле баштаган. Андан бери өлкөдө мындай 42 104 учур катталып, 443 киши көз жумду.