Ссылки доступа

Иран окумуштуу Фахризаденин өлүмү үчүн Израилди айыптады


Ирандын президенти Хасан Роухани физик окумуштуу Мохсен Фахризаденин өлүмүнө Израилди айыптады.

«Фахризаденин өлтүрүлүшү душмандарыбыздын айласы түгөнгөнүн жана алардын жек көрүүсүнүн күчтүүлүгүн көрсөтүүдө. Анын өлүмү биздин жетишкендиктерибизди алыстатпайт», — деди Роухани.

Буга чейин окумуштуунун өлүмүнө Израилдин тиешеси бар экенин Ирандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) да билдирген. Ирандын БУУдагы өкүлү Мажид Тахт Раванчи кол салуу үчүн жоопкерчиликти Израилге жүктөп, Фахризаде коронавирусту аныктоо боюнча жаңы тестти иштеп чыгууга катышып жатканын айткан. Өлкөнүн жогорку жетекчисинин аскердик кеңешчиси Хосейн Дехкан Фахризадеге кол салуу үчүн өч алуу болорун убадалады.

Ирандын өзөктүк программасынын жетекчилеринин бири, физик Мохсен Фахризаде 27-ноябрда Тегерандын жака белиндеги шаарчада өлтүрүлгөн. Маалыматка караганда, Фахризаде түшкөн автоунааны белгисиз адамдар аткылашкан. Анын кесепетинен физик оор жаракат алып, ооруканадан үзүлгөн.

Батыш өлкөлөрүнүн чалгын чөйрөсүндө Фахризадеден Ирандын мурдагы тымызын жүргүзүлгөн өзөктүк курал программасынын «аталарынын бири» катары шек санап келишкен. Анын өлтүрүлүшү келерки жылы январда АКШнын президенти кызматына кирише турган Жо Байдендин Иран менен алакаларды жандантуу далалатына кедергисин тийгизери жоромол кылынууда.

Азыркы президент Дональд Трамп Иран менен өзөктүк макулдашуудан 2018-жылы чыгып кеткен. Байден болсо бул макулдашууга кайра кошулуу ниетин билдирген.

XS
SM
MD
LG