Ссылки доступа

УКМК: Матраимов кайтарган акча боюнча маалымат тергөө аяктаганда берилет


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бажыдагы коррупциядан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу иши уланып жатканын билдирди.

Мекеме 30-ноябрда тараткан маалыматка караганда, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата жүрүп жаткан сотко чейинки териштирүү уланууда жана бул иштин алкагында жемкордук схемасына башка да бажычылардын тиешеси бар экени аныкталды.

УКМК тергөөнүн жыйынтыгында коомчулукка териштирүү жөнүндө да, келтирилген зыян жана анын ордун толтуруу тууралуу да кеңири маалымат берилерин билдирди.

Атайын кызмат Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип бошоткон.

Матраимов УКМКнын айыптоосу тууралуу комментарий берген эмес.

Өкмөт башчылык кызматты убактылуу өткөрүп берген Садыр Жапаров Матраимов мамлекетке төлөөгө милдеттендирилген эки миллиард сомду ноябрдын аягына чейин төгүп бере турган болгонун 3-ноябрда «Region» телеканалындагы маегинде билдирген. Ошого байланыштуу социалдык түйүндөрдө соңку күндөрү ноябрь аяктарына аз калганы, канча акча төлөнөрү тууралуу талкуу күчөгөн.

19-ноябрда Каржы министрлиги Матраимов кылмыш ишине байланыштуу казынага төккөн сумма 536 миллион сом болгонун кабарлаган.

XS
SM
MD
LG