Уюмдардын маалыматында “Акыркы бир нече аптада жарандык коомдун бир катар көз карандысыз бирикмелери жана укук коргоо уюмдары салык органдарынын “чабуулуна” учурады. Биз алардын артында “Улуттук коопсуздук комитети” турат деп ойлойбуз” деп жазылган.
Бирдиктүү билдирүүгө “Эркиндик Каганаты”, “Эл аралык укуктук демилге”, “MediaNet — Эл аралык журналистика борбору”, “Укуктук медиаборбор”, “Кадыр-касиет” сыяктуу бир нече уюм кол койгон.
Уюмдардын өкүлдөрү буга окшогон басымга мурда да кабылышканын айтышып, өз укуктарын сотто коргоого даяр экенин белгилешти.
“Кадыр-Касиет” коомдук бирикмеси Нур-Султандын район аралык адистештирилген сотуна арыз жазган. Отурум 2-декабрга белгиленген.
Казакстандын салык органдары бейөкмөт уюмдардын билдирүүлөрүнө комментарий бере элек.