Ссылки доступа

Нур-Султанда майып балдардын ата-энелери нааразылык акциясына чыгышты


Нур-Султанда 2-декабрда ондой ата-эне президент Касым-Жомарт Токаевге кат тапшыруу үчүн Акордонун алдына чогулду. Алар майып балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыздоону талап кылышты.

Борбор калаанын жашоочуларынын бири Гүлзада Кудайбергенова мамлекет сунуштаган турак жайларга кезеги жетпей жатканын айтты.

— Турак жай үчүн тогуз жылдан бери кезекте турам. Башында менин алдымда 14 миң адам бар болчу. Учурда мен 7434-саптамын. Канчалык аракет кылсак да бир да программага кире албай калдык. Азыр кичинекей балдарым менен үйдө отурам. Күйөөм гана иштейт, айлык аз, батир акысы биз үчүн ат көтөргүз жүк,– деди ал.

Акордого бара турган жолду полиция кызматкерлери тосуп турушту. Кийинчерээк 10 киши президенттин администрациясына кирип, кат таштап чыгууга уруксат алды.

Бул топ өткөн жумада Казакстан парламентинин мажилисинин алдына чогулуп, депутаттар менен жолуктурууну талап кылышкан. Бирок аларга эл өкүлдөрүнөн эч ким чыккан эмес.

Казакстанда көп жана майып балдарды тарбиялаган ата-энелер былтыр жылдын башынан бери эле турак жай маселелерин чечүүнү талап кылып келишет. Ата-энелер Касым-Жомарт-Токаев менен эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Биржан Нурымбетов менен жолуктурууну сурашууда. Бирок алардын өтүнүчү канааттандырыла элек.

XS
SM
MD
LG