Ссылки доступа

Душанбеде мейманкана куруп жаткан компания 14 жылдан бери салыктардан бошотулуп келет


Душанбедеги «Исмоили Сомони» мейманканасынын курулушу 14 жылдан бери бүтпөй келет

Тажикстандын өкмөтү Душанбедеги «Исмоили Сомони» мейманканасын куруп жаткан компанияны 2021-жылы салык жана бажы төлөмдөрүнөн бошотту.

Баш калаадагы беш жылдыздуу мейманкананын курулушу 14 жылдан бери бүтпөй келет. Өкмөт анын курулушу менен алектенген компанияга жыл сайын салык жеңилдиктерин берип жүрөт.

Маалыматка караганда, «Тажикстан Республикасынын 2021-жылга карата мамлекеттик бюджети тууралуу» мыйзамдын негизинде кийинки жылы 15 мамлекеттик жана жеке ишкана салыктардан бошотулду. Алардын арасында өлкөдө социалдык объектилерди кура турган чет өлкөлүк компаниялар да бар.

Салыктан бошотулган ишканалардын тизмесинде «Исмоили Сомони» мейманканасын куруп жаткан компаниянын аталышы жазылган эмес. Өлкөнүн Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, мейманкана курууга Dolmark Ltd компаниясы буйрутма берсе, аткаруучусу Beijing Foch Mechanical Equipment Installation Engineering Co., Ltd компаниясы эсептелет.

Мурдараак «Азия-Плюс» маалымат агенттиги мейманкана курулушуна президенттик администрация буйрутма бергенин, аткаруучу «Исмоили Сомони — 21-кылым» деген компания экенин жазып чыккан. Басылманын маалыматына караганда, компания президенттин жубайынын бир тууганы Рахматулло Саъдуллоевге таандык.

Буга чейин «Озоди» радиосунун иликтөөсүндө Dolmark Ltd Британ Виргин аралдарында катталган офшор компания экени айтылган.

Юридикалык жактардын бирдиктүү реестринде Dolmark Ltd курулуп жаткан мейманканага жанаша жайгашкан «Рудаки Плаза» комплексине да ээлик кылат.

«Исмоили Сомони» мейманканасынын курулушу 2006-жылы мартта башталып, ага өлкө президенти Эмомали Рахмон өзү барып катышкан. Анда курулуш иштеринин бюджети 30 миллион доллар экени жана имарат бир жарым жылдын ичинде курулуп бүтөрү айтылган.

Видео

Видео

Аргымактарды аргындаштырган Баатыр Тагаев
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:33 0:00
XS
SM
MD
LG