Ссылки доступа

Конституциялык палата өз чечимине түшүндүрмө берди


“Реформа” саясий партиясынын жана юристтердин арызына карата “Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо белгисиз мөөнөткө токтотулганы жөнүндөгү мыйзам Конституцияга каршы келбейт” деп чыгарган чечимине Жогорку соттун Конституциялык палатасы түшүндүрмө берди. Анда:

“Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамга ылайык, чукул кырдаал учурунда буга мыйзам жол берет. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 22-марттан тартып, чукул кырдаал киргизилген. 5-6-октябрдагы башаламандыктар өлкөдө социалдык туруксуздукка алып келди. Кыргызстан масштабдуу түрдө саясий-социалдык кризисте турганы анык. Жогорку Кеңеш регламентке ылайык, конституциялык мыйзамды өзгөчө абалда кабыл алуусуна негиз бар”, -деп жазылган.

Мындан тышкары шайлоону жылдыруу эл аралык нормаларга туура келери жана Конституциянын беренелерине каршы келбеси белгиленген.

2-декабрда Жогорку соттун Конституциялык палатасы Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо белгисиз мөөнөткө токтотулганы жөнүндөгү мыйзамдын Конституцияга шайкештигин караган. Жыйынтыгында бул мыйзам Конституциянын беренелерине каршы келбейт деп чечкен. Арыз ээлери чечимди саясий мүнөздө деп баалап, бийликтин кийлигишүүсү менен кабыл алынды деген пикирлерин айтышкан.

Конституционный суд оставил в силе закон о переносе парламентских выборов в Кыргызстане
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:26 0:00



XS
SM
MD
LG