Ссылки доступа

Алматы: жаңы ковид госпиталдан бейтаптар тезинен башка жайга көчүрүлүүдө (видео)


Алматыда жаңы салынган коронавирус госпиталынын айланасында чыр чыкты. Анын курулушу үчүн мамлекеттик бюджеттен 12 миллион доллар бөлүнгөн.

Мурда бейтаптар соцтармактар аркылуу оорукана жылытылбай жатканын, жакында жабылып калышы ыктымал экенин билдиришкен. Буга байланыштуу госпиталдын жетекчилиги чукул брифинг өткөрүштү.

Вокруг нового коронавирусного госпиталя в Алматы разгорелся скандал
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:11 0:00

Ковидге кабылган бейтаптар жаңы салынган госпиталда тоңуп калышканы, жаңы медициналык мекеме кыш баштала электе эле суукка туруксуз экенин көрсөткөнү, буга байланыштуу оорулуулар башка ооруканага көчүрүлүп жатканы жөнүндөгү маалыматтар “Инстаграмга” чыккан.

Медиктер бул маалыматты жарым-жартылай гана тастыкташып, көчүрүү чындап эле башталганын, бирок суукка байланыштуу эмес, госпиталды дезинфекциялоо зарылдыгынан улам экенин айтышты.

Алматы шаардык инфекциялык оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Тамара Утаганова палаталарда дайыма 24 градус температура сакталганын билдирүүдө.

Модулдук ковиддик госпиталь быйыл апрелде пандемия маалында 18 күндүн ичинде бүткөрүлгөн, ал 5 млрд теңгеге же 12 млн долларга бааланган.

Видео

Видео

Аргымактарды аргындаштырган Баатыр Тагаев
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:33 0:00
XS
SM
MD
LG