Ссылки доступа

Ташкентте Улуу Британияда катталган «күмөндүү компания» курган завод ишке берилет


2017-жылы Ташкенттеги металлургия заводунун долбоору өзбек тектүү казакстандык ишкер Фаттох Шодиевге таандык экени кабарланган
2017-жылы Ташкенттеги металлургия заводунун долбоору өзбек тектүү казакстандык ишкер Фаттох Шодиевге таандык экени кабарланган

Жылына 500 миң тонна чоюн өндүрөрү айтылып жаткан Ташкенттеги металлургия заводу 4-декабрда ишке берилет. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Өзбекстандын «Метпром» мамлекеттик ишканасынын башчысы Андрей Дейнекого шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, завод өзбек өкмөтү менен орусиялык Metprom компаниясынын кызматташтыгында курулду. Долбоордун жалпы баасы 325 миллион еврону түзүп, анын 50% «Росэксимбанк» бөлүп берсе, калган сумма Өзбекстандын өкмөтү менен жеке инвесторлорго тиешелүү.

Дейнеконун айтымында, орус өкмөтү долбоорду каржылоодон тышкары аны ишке ашыруу үчүн кошумча 90 миллион евро бөлүп берген. «Тактап айтканда, техникалык долбоорлоо, инжиниринг, жабдууларды жана металл конструкцияларды жеткирүү иштерин аткарды. Курулуштун жүрүшүндө 30га жакын өндүрүшчү жана 1 миңден ашык киши жумуш менен камсыз болду», — деди Дейнеко.

2017-2018-жылдары Өзбекстандагы ири бизнес-долбоорлорду, анын ичинде Ташкенттеги металлургия заводунун курулушун күмөндүү компаниялар ишке ашырганы жатканы кабарланган. Өлкөдөгү ири бизнес-долбоорлор менен жакындан тааныш булактын айтымында, 2017-жылы президент Шавкат Мирзиёев жактырган Ташкенттеги металлургия заводунун долбоору өзбек тектүү казакстандык ишкер Фаттох Шодиевге таандык.

Анда жергиликтүү басылмалар 1000 кишини жумуш менен камсыз кыла турган завод 100 гектар аянтка эки жылдын ичинде куруларын кабарлашкан. Долбоордун түзүүчүсү Улуу Британияда катталган Quality Trade Supplies (QTS)компаниясы эсептелет.

Буга чейин The Herald басылмасы QTS тууралуу журналисттик иликтөөсүн жарыялаган. Анда Шотландияда жайгашкан бул компаниянын репутациясы начар экени, Transparency International уюму аны «арам акчаны адалдоо механизми» деп мүнөздөгөнү жазылган.

2017-2018-жылдары Өзбек металлургиялык комбинаты, Алмалык тоо-металлургиялык комбинаты жана Ташкент металлургиялык заводу президенттин жарлыгы менен SFI Management Group компаниясына ишеним башкарууга берилген.

Быйыл сентябрда орусиялык басылмалар бул компания өзбек тектүү орусиялык олигарх Алишер Усмановго тиешелүү экенин жазып чыгышкан. Бирок ишкер өзү бул маалыматты четке кагып, SFI Management Group Фаттах Шодиевдин агасы Кабул Шодиевге таандык экенин, өзү алар менен кызматташарын билдирген.

XS
SM
MD
LG