Ссылки доступа

Армения оппозициясы премьер-министрлик кызматка бирдиктүү талапкер сунуштады


Вазген Манукян
Вазген Манукян

Арменияда оппозициячыл 17 партия премьер-министр кызматына бирдиктүү талапкер катары 74 жаштагы Вазген Манукянды сунуштады. Ал армян өкмөтүн 1990-1991-жылдары башкарган.

Манукян өкмөт башчы кызматында партиялык ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуп, кийинки жылы мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өткөрүүнү, ага талапкер катары катышпоону убадалады.

Арменияда оппозиция өкүлдөрү ноябрдын башынан бери премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылып, нааразылык акцияларын өткөрүп келишет. Алар өкмөт башчысын Тоолуу Карабактагы куралдуу кагылышуулардын ийгиликсиз аякташына айыптоодо.

Бейшемби күнү оппозициялык партиялар «Ата Мекенди сактоо үчүн» кыймылы түзүлгөнүн билдиришти. Кыймылдын негизги максаты — жаңы өкмөттү түзүүгө жана мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өткөрүүгө жетишүү.

Манукян – Тоолуу Карабактын көз карандысыздыгын колдогон кыймылдын түзүүчүлөрүнүн бири. 1990–1991-жылдары ал эгемен Армениянын алгачкы өкмөт башчысы болгон. Азербайжан менен куралдуу кагылышуулар жүрүп жаткан 1992–1993-жылдары өлкөнүн коргоо министри кызматында иштеген. Отставкага кеткенден кийин коомдук-саясий ишмердүүлүк менен алектенген. Быйыл күзүндө ал Никол Пашинянды кызматтан кетүүгө, куралдуу кагылышуулар маалында бийликти аскер кызматкерлерине өткөрүп берүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG