Ссылки доступа

Өзбекстанда коңшу өлкөлөрдөгү ЖОЖдордон барган студенттер окууга тапшыра албай жатышат


Өзбекстандагы жогорку окуу жайлар Билим берүү министрилигинин буйругу менен коңшу өлкөлөрдөн которулуп жаткан студенттерди кабыл албай жатышат.

Казакстандын Чымкент шаарындагы окуу жайдан чыгып, Жизак политехникалык университетине тапшыруу үчүн арыз берген Баходир аттуу студент окуу жылынын жарымы аяктап калганына карабастан, аны окууга кабыл алуу тууралуу буйрук чыга электигин билдирүүдө. Анын айтымында, университет андан Казакстандагы окуу жайдан маалымкат алып келүүнү талап кылууда.

«Азыр коңшу өлкөлөрдөгү окуу жайлардан чыгып, бул университетке тапшыруу үчүн арыз берген 200дөн ашык студент бар. Баарыбыздан мурда окуган университеттен сынактарды тапшыргандыгы, окуудан чыгарылгандыгы тууралуу документтерди алып келүүнү талап кылып жатышат. Бул үчүн бизге 15-декабрга чейин убакыт берип, болбосо арызыбыз каралбай турганын эскертүүдө», — деди ал.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө өлкөнүн бир катар башка аймактарында, анын ичинде Самарканд жана Хорезм облустарындагы окуу жайларда да ушундай эле абал жаралган.

Буга чейин өзбек өкмөтү студенттерди коңшу өлкөлөрдөгү окуу жайлардан которууда эч кандай кошумча талаптар жана бюрократиялык маселелер болбой турганын билдирген.

Быйыл февралда Билим берүү министрлиги чыгарган буйрукка ылайык, коңшу өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайларда билим алып жаткан миңдеген өзбекстандык студент окууларын таштап, үйлөрүнө кайтышкан.

Мекеменин маалыматы боюнча февралга карата 35 миңден ашык өзбекстандык студент Кыргызстандагы, Тажикстандагы жана Казакстандагы университеттерде окуп жатышкан.

XS
SM
MD
LG