Ссылки доступа

Казакстанда COVID-19 менен ооруп айыккан медиктер компенсация талап кылууда (видео)


Алматыда коронавируска каршы күрөшүү бригадаларына кирбеген Тез жардам кызматынын медиктери COVID-19га кабылганы үчүн компенсация талап кылуусун улантып жатышат.

Тез жардам кызматтарында иштеген фельдшерлер менен санитарлар октябрдан декабрь айына чейин бир жолку төлөмдөрдү алууга жетишкен. Эми алар оорудан айыккандан кийинки реабилитация үчүн компенсация керек экенин билдиришүүдө.

В Казахстане медики требуют компенсаций за перенесенный COVID-19
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:29 0:00

Алматыдагы тез жардам кызматында иштеген медайым Рано Мурдинова дале болсо оор дем алууда: коронавирус менен ооруп айыккандан кийин ага реабилитация зарыл болууда. Ал COVID-19 менен ооруганын далилдеген бардык документтер бар экенин, бирок кенже медперсоналдар тобокелчилик тобуна кирбегендиктен, убадаланган компенсацияны ала албай жатканын билдирүүдө.

«Компьютердик томография өпкөмдүн 30% жабыркаганын көрсөттү. Мен аны калыбына келтирүү үчүн узак убакыт дарыланышым керек. Буга өтө чоң суммада акча зарыл», — деди ал.

21-декабрда Тез жардам кызматынын диспетчерлери, санитарлары жана медайымдары Алматыда маалымат жыйынын өткөрүштү. Алар Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигине кайрылып, укуктарын коргоп берүүсүн өтүнүштү. Медиктирден айтымында, алар COVID-19ду бейтаптар менен түздөн-түз иштеген кесиптештеринен жуктуруп алышкан.

«Биз коронавирус жуктурган бейтаптар менен түздөн-түз иштеген кесиптештербиз менен бир имаратта отурабыз. Ошондуктан кошумча төлөмдөргө, ооруганыбыз үчүн компенсация алууга укуктуубуз. Азыр атайын кызматтын, прокуратуранын өкүлдөрү коркутуп, бизди оппозиционер кылып көрсөтүп жатышат. Журналисттердин көзүнчө башкача сүйлөп, алар жокто таптакыр башка сөздөрдү айтышат», — деди Эльвира Бадалбаева аттуу фельдшер.

Алматы шаарык тез жардам кызматында төрт миңге жакын кызматкер иштейт. Алардын 415и — санитарлар менен диспетчерлер — кошумча төлөмдөр бериле турган медиктердин тизмесине кирбей калышкан. Алар тобокелдик тобуна кошуу өтүнүчү менен бардык тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылышкан, бирок майнап чыккан эмес. Сентябрда тез жардам кызматынын жетекчилиги мурдагы айлар үчүн төлөө мүмкүн эмес экенин айтып, октябрь, ноябрь жана декабрь айлары үчүн компенсация берүүнү убадалаган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин кошумча төлөм маселеси чечиле элек.

Тез жардам кызматынын башкы дарыгери Биржан Оспанов компенсация талап кылып жаткан кызматкерлерине басым кылуу фактыларын четке какты. Ал кызматкерлерине кошумча төлөмдөрдү алып берүү үчүн болгон аракетин көргөнүн кошумчалады.

Октябрда президент Касым-Жомарт Токаев экинчи жарым жылдыкта медиктердин кошумча төлөмдөрү үчүн 150 миллиард теңге (340 миллион доллардан ашык) бөлүнгөнүн билдирген.

Видео

Видео

"Вотсап" менен сүт саткан жеңелер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:45 0:00
XS
SM
MD
LG