Ссылки доступа

Иликтөө: Назарбаевдин жакындары алты өлкөдөгү элиталык үйлөрү үчүн миллиондогон доллар жумшашкан (видео)


Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин жакындары дүйнөнүн кеминде алты өлкөсүндө 785 миллион долларлык кымбат баалуу мүлк сатып алган. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы жасаган жаңы иликтөөдө айтылат.

22-декабрда жарыяланган иликтөөдө Назарбаевдин туугандары, кыздары жана неберелери ишке ашырган бардык инвестиция жана кыймылсыз мүлк тууралуу маалымат бербесе да, бул байлыктын масштабын көрсөтүп, аны документалдуу түрдө далилдөөнүн алгачкы аракети болду. Бул мүлктүн айрымдары буга чейин маалымат каражаттарын кызыктырып, соттук териштирүүнүн обьектине айланган эле.

Иликтөөдө Франция менен АКШда Нурсултан Назарбаевдин иниси Болот Назарбаевге таандык, Испанияда, Британияда, Швейцарияда, Чехияда кызы Динара менен күйөө баласы Тимур Кулибаев ээлик кылган, Британияда дагы бир кызы Дарига жана анын уулдары сатып алган миллиондогон долларлык мүлк жөнүндө кеп болот.

Нурсултан Назарбаев Казакстанды 1991-2019-жылдары башкарган. Ал бийликте тургандагы авторитардык башкаруу стили оппоненттеринин сынына кабылган. Ал өлкөнү жетектеп турганда Казакстандын экономикасы өскөн, бирок ага көбүнесе мунай жана газды сатуу себеп болгон.

XS
SM
MD
LG