Ссылки доступа

Төрөбаев: Бакиров вице-спикерликти тапшыруу тууралуу чечим кабыл алды


Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин вице-спикерлигинен кетүү боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу 22-декабрда парламенттеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Ал Бакиров төраганын орун басары катары жакшы иштеп бергенин, тажрыйба топтогонун айтып, өзүн саясий чөйрөдө жакшы көрсөтө алганын белгиледи:

«Ал өз ыктыяры менен башка өсүп келе жаткан депутаттарга орун бошотуу максатында кызматын тапшыруу боюнча чечим кабыл алды. «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын саясий кеңешинин чечиминин негизинде Уланбек Исмаиловдун талапкерлиги ЖК төрагасынын орун басарлыгына көрсөтүлдү. Бул чечимди «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаттары сурамжылоонун негизинде колдоп берди».

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы да, депутат өзү да расмий маалымат бере элек. Бакиров вице-спикер болуп 2017-жылдын 13-декабрында шайланган.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын парламенттеги фракциясынын мүчөсү Мирлан Бакиров 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодо көп добуш алган «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесин жетектеген.

Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон коомчулуктун 5-6-октябрдагы толкундоосунан кийин бийлик чукул алмашкан жана парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Видео

Видео

Баекова: Аскар Акаев мага басым кылган эмес
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:45:24 0:00
XS
SM
MD
LG