Ссылки доступа

Казакстан ТИМи Орусия депутаттарынын сөзүнө 13 күндөн кийин реакция жасады


Мамлекеттик Думанын депутаттары Вячеслав Никонов менен Евгений Фёдоровдун Казакстан аймагы тууралуу айткандары – Орусиянын расмий позициясын чагылдырбайт. Бул тууралуу 23-декабрда Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди мажилис депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Жакында Орусиянын Мамлекеттик Думасынын эки мүчөсү Казакстанга азыркы жерлерди Орусия белекке бергенин айткан.

— Фёдоровдун сөзү тууралуу айтсак, казак катары, казакстандык катары бул намысыма катуу тийди. Аларга орусча жооп берсем, “бул бред сивой кобылы!” (бош сөз). Мындай маселелерди көтөргөн маалда биринчи кезекте тарыхчылардын, окумуштуулардын айткандарына таянышыбыз керек, — деди Тлеуберди.

Анын айтымында, депутат Никоновдун сөзүнөн кийин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын убактылуу өкүлүн чакырткан, себеби ошол маалда Орусия элчиси Москвада жүргөн.

– Аны орун басарым кабыл алды. Ага нота тапшырып, тышкы иштер министрлигинин расмий позициясын жеткирдик. Тажрыйбага ылайык, алар расмий түрдө жооп бербейт, бирок бизге кабыл алынган чаралар тууралуу кабарлашты. Алар парламент, президенттик администрация менен байланышып, мындай сөздөрдү айтууга болбой турганын эскертишкен. Тышкы иштер министри катары айтсам, бул сөз – Орусиянын расмий позициясы эмес, - деди министр.

Тлеуберди Казакстан менен Орусия чек арасын мыйзамдуу түрдө делимитациялаганын, өлкөлөр ортосунда эки тараптуу келишимге кол коюлганын баса белгиледи. Ал үч жыл аралыгында демаркация маселеси да чечилерин кошумчалады.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Вячеслав Никонов «Биринчи каналдагы» программалардын биринде сүйлөп жатып «Казакстандын аймагы Орусия тараптан берилген чоң белек» деп айткан. Ага улай анын кесиптеши Евгений Федоров «Казакстан менен бирдиктүү мамлекетти калыбына келтирүү керектигин» билдирген.

XS
SM
MD
LG