Ссылки доступа

Теги тажик жаран Орусияны Адам укуктары боюнча европалык сотто утуп алды


Бахтиер Усмонов
Бахтиер Усмонов

Страсбургдагы Адам укуктары боюча европалык сот Орусияны 43 жаштагы түбү тажикстандык Бахтиер Усмоновдун жарандыгын калыбына келтирип, ага 11 миң евро компенсация төлөп берүүгө милдеттендирди.

Соттун билдирүүсүндө орус өкмөтү аны бир туугандары жөнүндө маалымат бербегени үчүн гана жарандыктан ажыратканы, ошол эле учурда бул олуттуу кесепеттерге алып келгенин далилдеп бербегени айтылат.

Сот Усмонов эч кандай кылмыш жасабаганын жана өлкөнүн улуттук коопсуздугуна кандайдыр бир коркунуч келтирбегенин белгилеп, анын укугу калыбына келтирилиши зарыл деген чечим чыгарган.

Бахтиер Усмонов Орусияда 2007-жылдан бери жашайт. Анын аялы жана төрт баласы да Орусиянын жараны. Усмонов 13 жыл мурун жарандык алуу тууралуу документ тапшырганда агасы жана эжеси жөнүндө маалымат берген эмес.

2008-жылы ал орус жарандыгын алган. 2018-жылы аны миграциялык кызматка чакыртышып, жакындары тууралуу маалыматты белгилебегени аныкталганын айтышкан. Орусия бийлиги Усмоновду туура эмес маалымат берүүгө айыптап, жарандыктан ажыраткан.

Бахтиер Усмонов беш сутка ичинде Орусиядан чыгып кетип, 35 жыл бул өлкөгө кирбеши керек болгон.

Ал бул талапты аткарган эмес. Акыркы эки жылдан бери Усмонов Новгород облусундагы мигранттарды убактылуу кармоочу жайда кармалып турган.

Адам укуктары боюнча европалык сот анын пайдасына чечим чыгарган соң гана Усмонов миграция борборунан бошотулду.

XS
SM
MD
LG