Ссылки доступа

Казакстандын билим берүү министри жергиликтүү вакцинаны алгандан кийин антитела пайда болгонун билдирди


Казакстандын билим берүү жана илим министри Асхат Аймагамбетов жергиликтүү өндүрүштөн чыккан вакцинаны алгандан кийинки тест анда COVID-19га карата «гуморалдык жана клеткалык иммунитет» пайда болгонун көрсөткөнүн билдирди.

Сыноо иретинде эмдөө алган министр кандайдыр бир оорлошууну сезбегенин кошумчалады.

Аймагамбетов 24-декабрдагы брифинг учурунда «тирүү штаммды жуктургандан көрө, нейтралдаштырылган, инактивдүү вирустан турган вакцинаны алган оң экенин» айтты.

Билим берүү жана илим министри QazCovid-in вакцинасын август айында алганын жарыялаган. Сентябрда ал коронавируска каршы казакстандык вакцина орусиялык «Спутник V» вакцинасынан жакшы экенин айткан.

Ушул тапта Казакстанда QazCovid-in вакцинасын үч миң ыктыярчыга сыноо башталды.

Бул арада казак бийлиги 2021-жылдын февралынан тартып калкты «Спутник V» менен эмдөө жүрөрүн билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG