Ссылки доступа

Түркияда полиция үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган өзбекстандык келиндин ишин көзөмөлгө алды


22 жаштагы өзбекстандык Хамидуллаева Шохсанам Түркиянын Живрил шаарында үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын, учурда анын иши полициянын көзөмөлүндө экенин билдирди.

Буга чейин Шохсанам Хамидуллаева аны Түркияга ири суммадагы акчага сатып жиберишкенин айткан. Маалыматка караганда, ал быйыл ортомчу аял аркылуу 29 жаштагы түрккө турмушка чыккан, бирок мыйзамдуу түрдө никеге турган эмес. Келин күйөөсү, кайын журту аны мазактап, кол көтөрүшкөнүн, буга байланыштуу өзүнө кол салууга аракет жасаганын билдирип жардам сураган.

Полиция кызматкеринин кабарлашынча, эгер Хамидуллаеванын айткандары аныкталып, аны чындап эле үйдө зордоп кармашса, сабашса телефонун алып койгон болушса, кылмышкерлерге карата иш козголот.

Бул учурда Түркиядагы аялдардын укугун коргоо уюму Хамидуллаеваны убактылуу жатакана менен камсыздап, психологиялык жактан жардам көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG