Ссылки доступа

Voices of Kazakhstan: Казакстанда шайлоого байкоо жүргүзө турган жаңы платформа пайда болду


Италиянын Адам укуктары боюнча федерациясынын президенти Антонио Станго менен АКШда жашаган казакстандык ишкер, Freedom Kazakhstan фондунун башчысы Барлык Мендыгазиев Voices of Kazakhstan аттуу биргелешкен долбоор түзүшкөнүн жарыялашты.

Бул долбоор 10-январда Казакстанда өтө турган парламенттик шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтары чогултуп, жарыялап турат.

Уюштуруучулардын айтымында, долбоор Telegram’дагы чат-боттордун жардамы менен жүзөгө ашат. Платформанын бет ачары 23-декабрда соцтармактар аркылуу өттү.

Freedom Kazakhstan фондунун башчысы Барлык Мендыгазиевдин айтымында, жаңы платформа августта президенттик шайлоого байкоо жүргүзгөн беларус активисттеринин тажырыйбасына негизделген. Ал бул бардык көз карандысыз байкоочулардын биригишине мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.

Шайлоо аяктагандан кийин байкоочулардын маалыматтары текшерилип, жыйынтыктары кыска мөөнөттө жарыяланат.

Казакстанда мажилис менен маслихат депутаттарын шайлоо 10-январга белгиленген. Ага расмий түрдө каттоодон өткөн беш партия: мурдагы президент Нурсултан Назарбаев жетектеген «Нур Отан», бийликчил деп саналган «Ак жол», «Адал», «Ауыл» жана Казакстандын элдик партиясы катышат.

Декабрдын башында Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы көз карандысыз байкоочулар үчүн катаал талаптар камтылган токтомду жарыялаган. Ага ылайык, шайлоо тилкелеринде комиссиянын уруксатысыз сүрөт жана видео тартууга тыюу салынды. Айрым активисттер токтомдун мыйзамсыз экенин айтып, Жогорку сотко кайрылышкан. Алар БШК шайлоо учурундагы мыйзам бузууларды жаап-жашыруу үчүн ушундай кадамга барууда деп эсептешет.

Бул арада ондогон бейөкмөт уюмдар, анын ичинде мурдагы шайлоолорго байкоо жүргүзгөндөр салык органдарынын текшерүү бутасына алынганын билдиришип, мунун кысым катары баалашты.

XS
SM
MD
LG