Ссылки доступа

Жаш композиторлордон жаңы саамалык (жыйнак)


Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдарды логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат. Директ топтомунан дагы видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Кыргызстандык фельдшер төрт баласы менен темир контейнерден жаңы үйгө көчтү. (Настоящее время)

- Жаш композиторлордон жаңы саамалык. "Кыргыз кайрык" долбоору "Жаралыш" аттуу музыкалык перформансын көрүүчүлөрүнө тартуулады. Бул перформанс музыкалык үч жанрды өзүнө камтыды. Неофольклор, элдик фольклор жана классикалык заманбап музыкалар колдонулду. Үч жаңы музыкалык жанрды бириктирген спектакль кыргыз маданиятында алгачкы жолу коюлуп жатат. (видео)

- Ташиев: Атамбаевдин ден соолугу жакшы эмес. (видео)

- Бакиров: Вице-спикер катары одоно ката кетирген жокмун. “Азаттыктын” 2х1 форматындагы эксклюзив маегинин бул жолку коногу – Жогорку Кеңештин мурдагы төрага орун басары, депутат Мирлан Бакиров. Саясатчы журналисттердин кызматтан кетүү себептери, октябрь айындагы саясий окуялардагы жоопкерчилиги, “Мекеним Кыргызстан” саясий париясынын Матраимовдорго тиешеси тууралуу суроолоруна жооп берди. (видео)

- Блогерлер соцтармактарда сурамжылоо жүргүзүшкөндөн кийин прокуратурага чакыртылды (видео)

- 2020 Борбор Азия үчүн кандай жыл болду? (видео)

- Активист Бишкектеги ыштын себептери жана аларды чечүү жолдору тууралуу айтып берет. (видео)

- Казакстанда коронавируска байланыштуу Аяз Ата менен Аяз Кыздын үйлөрдү кыдыруусуна тыюу салынды. (Настоящее время)

- Молдованын президенти Майя Сандунун инаугурациясы кандай өттү? (видео Директ)​

- Кара алтындын өмүрдү уурдаган түйшүгү. (видео)

- Пандемия Тажикстандынэкономикасын ого бетер алсыратты. (видео Директ)

​- Түркияга сатылып кеткен Шохсанам Өзбекстанга кайтууга жардам суроодо. (видео)

- Жаңы президентке үмүт жана талап. Кыргызстанда 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт. Мамлекет башчылык кызматка 18 талапкер ат салышууда. Жаңы президенттин алдында кандай маселелер турат? Ал элдин ишенимин актоо үчүн кандай олуттуу кадамдарга барып, реформаларды жасашы керек? (видео)

- Оор дарт менен алышкан Эсендин үмүтү. 23 жаштагы Эсен Максат уулу төрт жылдан бери залалдуу шишик оорусу менен күрөшүп келет. Пандемия күчөп, өлкө карантинге жабылган маалда дарылануусу үзгүлтүккө учурап, абалы оорлоп кеткен. Азыр ал жандандыруу бөлүмүндө жатат. (видео)

- Казакстанда пенсиялык топтомду турак-жай сатып алууга же дарыланууга алса болот. (Настоящее время)

- ФСБ кызматкерлери канча табышат жана кантип жашашат?. (видео)

- Жылдын аялдары — 2020. Алар дүйнөнү өзгөртүштү. (видео)​

- Бермет Америкадагы ата-энесине барат. Америкалык Келли Мурдун үй-бүлөсү 4,5 жыл дегенде соттон утуп чыгып, 16 жаштагы Берметти асырап алууга уруксаат алды. Сүрөт тартууга шыктуу өспүрүм буга чейин Беловодскийдеги балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде жашачу. Келли Мурдун үй-бүлөсү Берметти өз бүлөсүнө алуу үчүн үч жолу сотко кайрылган. Акыры 8-декабрда Кыргызстандын Жогорку соту алардын өтүнүчүн канааттандырды. (видео)

- Жарыгы жок, көңүлү ток Кең-Суу. Нарындын Жумгал районунун Кең-Суу айылында электр жарыгы, мектеп жана оорукана жок. Айылдык мугалим беш жылдан бери өзүнүн эки бөлмөлүү үйүн мектепке айлантып, башталгыч класстын балдарын окутат. Айыл тургундары жолдун катаалдыгы менен шарттын жоктугуна карабай элетти сүйүп, каада-салттарды сактап келет. (видео)

- Иликтөө: Нурсултана Назарбаевдин үй-бүлөсүнүн кыймылсыз мүлктөрү. (Настоящее время)

- «Нур Отан» партиясынын плакаттарын айырган активист психдиспансерге жаткырылды (видео)​

- Байдендин командасы киберчабуул үчүн Орусияга санкция салышы мүмкүн (Настоящее время)

- Владимир Путинге Мамлекеттик кеңештин эмне кереги бар? (видео)​

​- Коронавирустун жаңы түрүнүн жайылуусуна байланыштуу Орусия Улуу Британия менен аба байланышын токтотту. (видео)

- Орусиядагы өзгөчө эстелик. Нововоронеж шаарында дем алыш күндөрү мемге айланган эстелик алынды. (видео)

- Казакстандын БШКсы көз карандысыз уюмдарга парламенттик шайлоодо экзитпол жүргүзүүгө уруксат берген жок. (видео)

- Алматыда тез жардам кызматкерлери кайрадан «коронавирустук кошумча төлөмдөрдү» талап кылышты. (Казакстандан видео)

- Бишкектик сүрөтчүлөрдүн арт-нааразылыгы. (Кыргызстандан видео)

- Тажикстан улуттук бузкаши (көк бөрү) оюнун өткөрүүгө кайрадан уруксат берди (сүрөт баян)

- Тажикстан экономикасы 2020-жылы эмне болду? (видео Директ)

- Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты (видео)

- Таксисттин президентке кайрылуусу:" Мамлекет башчы калктын көйгөйүнө качан көңүл бөлөт?" (видео)​

- Казакстанда бала бакчада наристени сабаган тарбиячыны жазалоону талап кылышууда (Настоящее время)

- Орусиялык депутаттар казак жерлерин кайтаруу жөнүндө кеп кыла башташты: "Верный шаарын кайтарып бергиле" (Настоящее время)

- Лукашенко журналисттерди түрмөгө камоо менен маалыматтын жайылышын чектөөгө аракет жасоодо (видео)

- Келечек муун үчүн ата-энесинин үйүн музейге айланткан Бууниса Термечикова (Настоящее время)​

- Иранда журналистти өлүм жазасына тартышты (видео Директ)

- Грузия коронавирустун экинчи толкунуна туруштук бере албай жатат.(видео)

- Орусияда мигрант жумушчулар азайып, айлыктары жогорулады. (видео)​

- Короочу Лакинин ажайып тагдыры : аны Казакстанда кыйнашкан, ит азыр АКШда жашайт. (Настоящее время)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG