Ссылки доступа

Тоолуу Бадахшанда электр энергиясына чектөөлөр киргизилди


Сүрөт «Памир Энержи» компаниясынын сайтынан алынды
Сүрөт «Памир Энержи» компаниясынын сайтынан алынды

Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы айрым райондордун тургундары электр энергиясын берүүдө чектөөлөр киргизилгенине даттанып жатышат.

«Он күндөн бери жарык 5-6 гана саатка берилүүдө. Абанын температурасы 9-10 градуска чейин суук болуп жаткан тоолуу аймакта электр энергиясынын жоктугу тургундар үчүн чоң сыноо болууда», — деди Барзуд Рушан районунун тургуну Салимшо Акобиршоев.

«Озоди» радиосуна облустагы дагы беш райондун тургундары да кайрылып, электр энергиясы көп өчүрүп жатканына даттанышкан.

«Памир Энержи» компаниясынын өкүлү облустун айрым райондорундагы жарыктын өчүрүлүшү аймакта катуу суук болуп, Гунд дарыясындагы суунун деңгээлинин төмөндөп кеткенине байланыштуу экенин билдирди.

«Гунд дарыясынын жогорку бөлүгүндө 24 градуска чейин суук болуп жатат. Кышкысын Яшилкул көлүндөгү 400 миллион куб метр суунун 150-160 миллион куб метрин колдонобуз. Бул көл биздин ГЭСтер үчүн суу сактагыч болуп эсептелет. Азыр көлдөн агып чыккан суу жетиштүү кубаттуулуктагы электр энергиясын өндүрүү үчүн аз болуп жатат», — деди компаниянын өкүлү.

Ал автоном облустун борбору Хорог шаарынан башка аймактарда чектөө киргизилгенин ырастап, бирок электр жарыгы тургундар айткандай суткасына 5-6 саат эмес, 14-17 саатка берилип жатканын кошумчалады.

Ал ортодо облустун айрым тургундары чектөөлөр электр энергиясынын коңшу Ооганстанга сатылып жатканына байланыштуу болушу мүмкүн экенин билдиришүүдө. Бирок «Памир Энержи» компаниясынын басма сөз катчысы Голиб Ниятбеков бул маалыматты четке какты.

«Памир Энержи» компаниясы 2002-жылы Тажикстандын өкмөтү, Ага Хан фондунун экономикалык өнүгүү башкармалыгы жана Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) ортосунда кол коюлган келишимдин негизинде түзүлгөн. Бүгүнкү күндө компаниянын акцияларынын 70% Ага Хан фондуна, 30% Эл аралык каржы корпорациясына тиешелүү.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунда Тажикстандын башка аймактарына салыштырмалуу электр энергиясы кымбатыраак.

Тажикстанда 20 жылга жакын убакыттан бери октябрдан апрелдин ортосуна чейин жарандарга электр энергиясын берүүдө чектөөлөр болуп келген.

2017-жылы алгачкы жолу кышкысын чектөө киргизилген эмес. Анда «Барки точик» компаниясы кичи ГЭСтер жана ЖЭБдер курулганын, бул электр энергиясын үнөмдөбөй пайдаланууга мүмкүндүк берерин билдирген.

XS
SM
MD
LG