Ссылки доступа

COVID-19: Казакстандын медициналык жайларында сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салынат


Казакстандын башкы санитардык дарыгери Ерлан Киясов «Коронавирус инфекциясынын жайылуусунун алдын алуу боюнча чараларды күчөтүү тууралуу» жаңы токтомго кол койду.

Ага ылайык, өлкөдөгү саламаттык сактоо мекемелеринде, тез жардам унааларында, карантиндик жайларда, ошондой эле бейтаптын үйүнө барып жардам көрсөтүп жаткан дарыгерлерди жана илдетти жуктургандар менен байланышта болгондор тууралуу сурамжылоо жүргүзүп жүргөндөрдү сүрөткө, видеого тартууга жана алардын үндөрүн жаздырып алууга тыюу салынат. Бул документтеги талаптардын аткарылышын жергиликтүү бийликтер көзөмөлдөшү керек болот.

Токтомдо аталган жайларда сүрөткө, видеого тартуу жана аудио жазуу коронавирус инфекциясынын жайылуусуна кандай таасир эте тургандыгы көрсөтүлгөн эмес.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Казакстандын бийлигин нормативдик-укуктук актыларды өз дарегине айтылган сындарды токтотуу жана башка пикирдеги адамдардын үнүн басуу үчүн колдонууга бир нече жолу айыпташкан. Эл аралык баяндамаларга ылайык, дүйнөдөгү бир катар өлкөлөр, анын ичинде Казакстан коронавирус пандемиясынан улам киргизилген карантиндик чектөөлөрдү өз максаттары үчүн пайдаланышкан.

Видео

Видео

Небересин сөөк терип баккан эне
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:12 0:00
XS
SM
MD
LG