Ссылки доступа

Тажикстанда окуу акысын төлөй албаган студенттер сынактарга киргизилген жок


Тажикстандын Куляб жана Душанбе шаарларындагы жогорку окуу жайларда билим алып жаткан ондогон студент окуу акысын төлөй албай калгандыктан, сынактарга киргизилген жок.

Кулябдын Гулчехра аттуу тургуну үйүндөгү үч студенттин экөөнө акча төлөй албай, алар сынактарга кире албай жатышканын айтты.

«Кызым, уулум жана келиним Медициналык колледжде билим алышат. Ар бирине жылына 2 400 сомониден (211 доллар) төлөйбүз. Азыр мен ооруп, күйөөм айына болгону 500 сомони (44 доллар) табат», — деди ал.

Кулябдагы Медициналык колледждин директору Зубайдулло Азиззода окуу акысын төлөбөгөн айрым студенттер сынактарга киргизилбегенин ырастады.

«Келишимде студент окуу акысын төлөбөсө колледжден чыгарылат деп жазылып турат. Азырынча биз эч кимди окуудан чыгара элекпиз. Колунда жок үй-бүлөлөргө дагы бир ай убакыт бердик. Азыр биздеги 3 800 студенттин 20% окуусу үчүн акча төлөй албай жатышат», — деди ал.

Душанбедеги Тажик улуттук университетинин бир нече студенти да окуу акысы төлөнбөгөндүктөн, сынактарга киргизилбегенин билдиришүүдө.

Тажикстандагы жогорку окуу жайларда 227 миңден ашык студент окуп жатса, алардын 166 миңи контракттык негизде билим алышат. Эгер ал студенттер окуу акысын өз убагында төлөбөсө, ЖОЖдордун жетекчилери аларды окуудан чыгарып салууга укуктуу.

XS
SM
MD
LG