Ссылки доступа

Коронавируска каршы эмдөө милдеттүү болобу? (жыйнак)


Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдарды логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат. Директ топтомунан дагы видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Коронавируска каршы эмдөө милдеттүү болобу? Популяциялык иммунитетке жетишүү үчүн ковидге каршы эмдөө милдеттүү болушу керекпи? Эгер андай болсо, кимдер үчүн? Тобокелдик тобундагыларгабы? Дарыгерлер менен мугалимдергеби? Же саякатчылар үчүнбү? (видео)

- Сирияга кеткен үй-бүлөсүн күтүп жүрүп үзүлдү. Кыргызстан Сирия менен Иракта калып кеткен кыз-келиндерди жана балдарды алып келүү аракетин көрүп жатканы менен аны ишке ашыра элек. Балдардын ата-энелери менен жакындары бул боюнча бийликтен байма-бай жардам сурап жатышат. Ал арада Сирияга кеткен аялын жана эки кызын алты жыл күткөн Рамаз Сариев 13-декабрда инфаркт оорусунан каза болду. (видео)

- Арзанын издеген кардар, жаңы жылдык жармаңке. Жаңы жылды утурлай Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлиги Бишкекте азык-түлүк жармаңкесин уюштурду. Министрлик жармаңкеде баалар арзан болорун убада кылган. Жармаңкени айыл чарба министри Тилек Токтогазиев ачты. Жармаңкеге барган кардарлардын айтуусунда, эт 390-400 сомдун айланасында сатылды. (сүрөт баян)

- 2020: Аялдардын абалы чеке жылытпайт. 2020-жылы аялдардын абалы кубана тургандай болгон жок. Жыл кайгылуу окуялар менен башталып, акыйкаттыкка жетпей жаткан, зордукталган 13 жаштагы кыздын маселеси менен жыйынтыкталууда. (видео)

- Жанданган Миң-Куш. Союз маалында уран казылып, заводдор күпүлдөп иштеп турган Миң-Куш шаарчасы кийин турмуш өзгөргөнү ээнсирей түшкөн. Бирок соңку жылдары айыл жаштарынын деми менен тирилик жандана түшкөнү байкалат. (видео)

- Антарктидада пингвиндер кантип саналат? (видео)

- Душанбеде троллейбус айдоочулары айлыктары кыскартылганына нааразы болууда. (Тажикстандан видео)

- Казакстандагы жыл жыйынтыгы: Агадилдин өлүмү, пандемия, Назарбаеванын отставкасы жана талапкерлиги. (видео)

- Хуросондогу нааразылыктардан «энергетикалык чектөөлөргө» чейин. 2020-жылы Тажикстанда болгон беш окуя. (видео)

- Борбор Азия үчүн 2020-жыл кандай болду? (видео)

- Казакстанда коронавируска байланыштуу Аяз Ата менен Аяз Кыздын үйлөрдү кыдыруусуна тыюу салынды. (Настоящее время)

- Иликтөө: Нурсултана Назарбаевдин үй-бүлөсүнүн кыймылсыз мүлктөрү. (Настоящее время)

- Пандемия Тажикстандынэкономикасын ого бетер алсыратты. (видео Директ)

​- Түркияга сатылып кеткен Шохсанам Өзбекстанга кайтууга жардам суроодо. (видео)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG