Ссылки доступа

УКМК: Кыргызстанда «террордук актыларды жасоону көздөгөн» чет өлкөлүктөр кармалды


Жалал-Абад шаарында КМШ өлкөлөрүнүн биринин эки жараны кармалды. Алар абакта өзгөчө оор кылмыш жасагандан кийин качып кетип, Кыргызстандын аймагында жашырынып жүрүшкөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, кармалган жарандар Кыргызстанга мыйзамсыз келип, террордук актыларды жасоону жана жасалма документтер менен Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарга кетүүнү көздөшкөн.

Кармалган жарандар Жалал-Абаддагы убактылуу кармоочу жайында киргизилди. Азыр аларга көмөктөшкөн адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.

УКМКнын маалыматына ылайык, 2018-жылдан бери Сириянын согуш жүрүп жаткан аймактарына 850 кыргызстандык чыгып кетип, алардын 150сү каза болгон.

XS
SM
MD
LG