Ссылки доступа

Казакстан QazCovid-in вакцинасынын натыйжалуулугу 96% экенин билдирди


Казакстандын Саламаттык сактоо министринин орун басары Марат Шоранов коронавируска каршы казакстандык вакцина сыноо кезинде жогорку натыйжалуулугун көрсөткөнүн маалымдады.

– Орусиялык "Спутник V" вакцинасы 92 пайызга чейин, казакстандык QazCovid-in 96 пайызга чейин натыйжалуу экенин көрсөттү, ­– деди Шортанов.

Казакстанда 19-декабрда жергиликтүү вакцинанын клиникалык сыноосунун үчүнчү фазасы үчүн үч миң ыктыярчы тартылган.

Мындан тышкары “Караганды дары-дармек комплексинде” орусиялык "Спутник V" вакцинасы өндүрүлө баштаган. Казакстанда орусиялык вакцина менен элди жапырт эмдөө 2021-жылы февралда башталары айтылган.

XS
SM
MD
LG