Ссылки доступа

Тажикстанда Монополияга каршы кызмат сынактарга киргизилбеген студенттердин даттануусун текшерет


Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы Монополияга каршы кызмат окуу акысын төлөбөгөн студенттерди сынакка киргизбөө жөнүндө чечим кабыл алган бир катар жогорку окуу жайлардын жана колледждердин жетекчилеринин иш-аракетин текшерет.

Өткөн жумада Куляб жана Душанбе шаарларындагы жогорку окуу жайларда билим алып жаткан ондогон студенттер окуу акысын төлөй албай калгандыктан, сынактарга кирбей калышканын билдиришкен. Алар окуу акысы төлөнбөгөнүн быйыл пандемияга байланыштуу ата-энелери Орусияга иштөө үчүн кете албай, кирешесиз калганы менен түшүндүрүшкөн.

Монополияга каршы кызмат билдиргендей, эгер студент келишимде бекитилген сумманын жарымын төлөгөн болсо окуу жайдын жетекчиси аны сынакка киргизүүгө милдеттүү. Студенттер окуу акысын жылына эки жолу бөлүп төлөй алышат.

Тажикстандагы жогорку окуу жайларда 227 миңден ашык студент окуп жатса, алардын 166 миңи контракттык негизде билим алат.

XS
SM
MD
LG