Ссылки доступа

«Чек арасыз кабарчылар»: 2020-жылы дүйнөдө 50 журналист өлтүрүлдү


Ооганстанда каза болгон журналисттин тажиясы. Декабрь 2020-жыл
Ооганстанда каза болгон журналисттин тажиясы. Декабрь 2020-жыл

2020-жылы дүйнөдө кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу 50 журналист өлтүрүлдү. Алардын көбү (68%) согуштук жаңжалдар жок өлкөлөрдө болгон. Бул тууралуу эл аралык «Чек арасыз кабарчылар» укук коргоо уюмунун баяндамасында айтылат.

2016-жылы ЖМК өкүлдөрү каза болгон учурлардын 58% согуш жүрүп жаткан аймактарда катталган. Быйыл Сирия, Йемен, Ооганстан жана Ирак өңдүү куралдуу кагылышуулар уланып жаткан аймактарга жалпы көз жумган журналисттердин үчтөн бири гана туура келет.

Баяндамага ылайык, 2020-жылы каза болгон журналисттердин болжол менен 84% атайылап өлтүрүлгөн. 2019-жылы бул көрсөткүч 63% түзгөн. Эң көп көз жумган ЖМК өкүлдөрү Мексика (сегиз), Индия (төрт), Филиппин (үч) жана Гондурас (үч) өлкөлөрүнө туура келет.

«Чек арасыз кабарчылардын» эки жума мурда жарыяланган биринчи баяндамасында дүйнө жүзү боюнча дээрлик 400 журналист кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу түрмөдө жазасын өтөп жатканы жазылган. Алардын жарымынан көбү Кытай, Сауд Арабиясы, Египет, Вьетнам жана Сириядагы түрмөлөрдө отурушат. Баяндамада белгиленгендей, өткөн жылга салыштырмалуу түрмөгө камалган аял-журналисттердин саны 35 пайызга – 31ден 42ге чейин көбөйгөн.

«Чек арасыз кабарчылар» уюмунун журналисттерге карата зомбулук көрсөтүү учурларына байланышкан баяндамасы 1995-жылдан бери жарыяланып келет.

XS
SM
MD
LG