Ссылки доступа

Алматыда шайлоо күнү дене табы жогору болгон жарандар добушканаларга киргизилбейт


Казакстанда 10-январда өтө турган парламенттик шайлоо күнү Алматынын дене табы жогору болгон тургундары добушканаларга киргизилбейт. Бул тууралуу 29-декабрда жергиликтүү шайлоо комиссиясынын төрайымы Жанна Асанова билдирди.

Анын айтымында, шайлоо тилкелеринин кире бериштерине адамдардын дене табын аныктай турган атайын жабдуулар орнотулат.

— Дене табы жогору экени аныкталса ал шайлоочу добушканага киргизилбейт. Алар добуш бере алышпайт, анткени азыр бизде коронавирус менен ооругандар көп катталып, тобокелчиликтер жогору болууда», — деди Асанова.

Ал саламаттыгына байланыштуу үйүнөн добуш берүүнү каалаган жарандар шайлоо күнү саат 12:00гө чейин арыз менен кайрылса болорун, андан кийин тилкеге келген жарандар добуш бере албай калышарын кошумчалады.

«Мындан тышкары добушканаларга беткапсыз жарандар киргизилбейт. Ооруканаларда коронавирустан дарыланып жаткандар үчүн ал жерлерде атайын шайлоо тилкелери уюштурулат», — деди комиссия төрайымы.

Liberty коомдук фондунун жетекчиси, укук коргоочу Галым Агелеуов жарандарды дене табы жогору болгону үчүн шайлоо укугунан ажыратуу — алардын укугун бузуу экенин билдирди.

«Жарандардын добуш берүү укугу бар, бул алардын ажыратылгыс укуктары. Карантинге шылтап добуш бердиртпей коюу да туура эмес. Мамлекет алардын добуш берүүнүн коопсуз жана натыйжалуу жолун таап бериши керек», — деди Агелеуов.

XS
SM
MD
LG