Ссылки доступа

Кытайда ууландырылган миллиардердин өлүмү иликтенүүдө


«Тактылар оюну» сериалынан скриншот

Шанхай полициясы 39 жаштагы миллиардер Линь Цинин өлүмү боюнча тергөө иштерин баштады.

Ци — видео оюндарды иштеп чыгуу менен алектенген Yoozoo компаниясына ээлик кылат. Компания популярдуу «Тактылар оюну» сериалынын негизинде иштелип чыккан «Тактылар оюну: кыш жакын» деген видео оюну менен белгилүү.

Hurun Report уюмунун рейтингине ылайык, Цинин байлыгы 1,3 миллиард долларга жетет. Ал 16-декабрда уулануунун белгилери менен Шанхай ооруканасына жаткан. Ишкер дарыгерлерге өзү барып, өзүн жакшы сезип жаткан. Бирок 25-декабрда абалы кескин начарлап, каза болуп калган. Полиция анын өлүмүн «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча иликтеп жатат.

Ал ортодо жергиликтүү «Цайсинь» бизнес-журналы өзүнүн жашыруун булактарына таянып, шектүү Yoozoo компаниясынын кызматкери экенин, ал кармалганын жазды.

Видео

Видео

Баекова: Аскар Акаев мага басым кылган эмес
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:45:24 0:00
XS
SM
MD
LG