Ссылки доступа

Мамытканов үй-бүлөлүк зомбулукту аныктоо үчүн үймө-үй кыдыруу иштерин жүргүзүүнү тапшырды


Өкмөт үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү жана анын алдын алуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Маалыматка караганда, 2020-жылдын 11 айында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү тизмесинде үй-бүлөлүк зомбулуктун 8337 учуру катталган, бул 2019-жылга салыштырмалуу 909га көп.

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов тармактык министрликтердин маалыматын угуп, кабыл алынып жаткан чаралардын натыйжасы жетишсиз болуп жаткандыгын белгиледи.

«Маселен, жабыркаган жактар үчүн түз байланыш бар, бирок алардын номурун көпчүлүк билбейт. Бул калктын маалыматы начардыгынан кабар берет. Балким, ал номурларды бириктирип, үймө-үй кыдырууда аларды тургундарга таркатуу керек. Ал номурларды тез жардам, же милициянын номуру сыяктуу эле ар бир жаран жатка билүүсү зарыл», - деп белгиледи Максат Мамытканов.

Аткаминер үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө алдын алуу иштерин күчтөндүрүп, социалдык кызматкерлерге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте аяр катмардагы үй-бүлөлөрдү үймө-үй кыдырып чыгууга тапшырма берди.

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселесин комплекстүү карап, ошол эле учурда мектеп программасына жыныстык маданият сабагын киргизүү зарылдыгын айтты.

Статистика комитетинин маалыматына караганда, өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктун жабырлануучуларынын 85% аялдар түзөт.

XS
SM
MD
LG