Ссылки доступа

Душанбеде аба "ден соолук үчүн кооптуу" деп табылды


 Душанбе ЖЭБи
Душанбе ЖЭБи

Абанын булганышына баа берген World’s Air Pollution уюмунун «Аба сапатынын дүйнөлүк индекси» аттуу долбоору 134 өлкөнүн 2000ден ашуун шаарында иликтөө жүргүзүп, Душанбенин абасын «булганган жана ден соолук үчүн кооптуу» деп тапты.

Бул уюмдун бүтүмү АКШнын Тажикстандагы элчилигинде жайгашкан мониторинг станциясындагы маалыматка негизделген.

Тажик бийлиги абанын булганышына автотранспорттун көбөйүшү себеп болууда деп эсептейт. Жашоочулар болсо шаарды «Тажик цемент» сыяктуу ар кыл өндүрүш ишканалары булгап жатканын билдиришүүдө.

Аны менен катар кытайлык TBEA компаниясы куруп берген Душанбе Жылуулук электр борбору да экологдордун сынына кабылып келет. Адистердин айтымында, күн сайын абага 17 миң заяндуу зат бөлүнүп чыкса, анын 14,5 миңи дал ушул ЖЭБден чыгат.

Душанбе деңиз деңгээлинен 800 метр бийик, үч тарабы тоо менен курчалган ойдуңда жайгашкан. Натыйжада зыяндуу заттар борбордун үстүндө топтолуп турат. Душанбеликтер чаң, уулу зат аралашкан ыш соңку жылдары кескин көбөйгөнүнө тынчсызданышууда.

XS
SM
MD
LG