Ссылки доступа

Британ парламенти ЕБ менен жаңы соода келишимин колдоду


Улуу Британиянын парламентинин Өкүлдөр палатасы Евробиримдик менен соода келишимин жактырды.

Документти 521 депутат колдоп, 73ү каршы добуш берди. Ага чейин премьер-министр Борис Жонсон парламентке кайрылып, соода келишимин колдоо менен «өлкө тарыхындагы жаңы бөлүмдү ачууга» парламентарийлерди чакырган.

Жонсон Британия Евробиримдиктин эң жакын өнөктөшү бойдон калат деп белгилеген.

Британ парламентинин Өкүлдөр палатасы келишимди жактыргандан кийин документ Лорддор палатасына жөнөтүлдү.

Расмий Брюссель менен Лондон бир нече айга созулган сүйлөшүүдөн кийин 25-декабрда мунасага келген. Жаңы соода келишимине ылайык, тарифтер да, квоталар да нөлгө түшүрүлдү. Ал 2021-жылдын 1-январында күчүнө кириши керек. Бул документ эки тарап ортосундагы балык уулоо жана бизнес жүргүзүүнүн келечектеги эрежелерин аныктап, бир канча убакыттан бери уланып жаткан талашка чекит койду.

Биримдиктин атынан Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель жана Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен келишимге кол коюшту. Бүгүн түштөн кийин британ аба күчтөрүнүн учагы менен документ Лондонго жеткирилип, премьер-министр Борис Жонсон кол койду.

XS
SM
MD
LG