Ссылки доступа

Актөбө облусунда шахтадагы кырсыктан төрт киши каза болду


Казакстандын картасындагы Актөбө облусу

Казакстандын Актөбө облусунда жергиликтүү шахтадагы кырсыктан төрт киши каза болуп, бирөө жаракат алды. Бул тууралуу облустук акимчиликтен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 30-декабрь күнү кечинде «Актөбө жез компаниясына» таандык шахтада болгон.

«Болжол менен кырсык «жардыруу иштеринин жүрүшүндө» болгон. Азыр так себеби такталып жатат. Жерине куткаруучулар менен бийлик өкүлдөрү чыгып кетишти», — деп билдирди акимчиликтин басма сөз кызматы.

«Актөбө жез компаниясы» жез өндүрүү боюнча чоңдугу жагынан Орусиядагы үчүнчү орунда турган «Орус жез компаниясына» таандык. Анын негиздөөчүсү жана ээси орусиялык миллиардер Игорь Алтушкин. Акыркы жолу Forbes журналы анын байлыгын 4,1 миллиард долларга баалаган.

Видео

Видео

"Вотсап" менен сүт саткан жеңелер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:45 0:00
XS
SM
MD
LG