Ссылки доступа

Өзбекстанда 30дан көп кишинин катышуусунда жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүүгө уруксат берилди


Өзбекстанда коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссия 30дан көп кишинин катышуусунда жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүүгө уруксат берди.

Ошол эле маалда иш-чара катышуучуларынын ар биринде вирус жок экенин аныктаган ПЧР-тесттин жыйынтыктары болушу шарт. Мындан тышкары иш-чаралар өтө турган жайлар келишимдик негизде Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын өкүлдөрүн чакырып, алар бардык талаптардын сакталышына көзөмөл жүргүзүшү керек болот.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги мындай чечимди Өзбекстанда эпидемиологиялык абал бир аз жакшырганы менен түшүндүрдү.

Буга чейин Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссия мамлекеттик органдарга жаңы жылдык корпоративдерди өткөрүүгө тыюу салып, жарандарды 2021-жылды үйдө тосууга чакырган. Мындан тышкары 30дан көп кишинин катышуусунда иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салган.

XS
SM
MD
LG