Ссылки доступа

Тажикстанда 10,5 жылга соттолгон журналист эркиндикке чыгууга үмүттөнүүдө


Махмадюсуф Исмоилов, 2011-жыл
Махмадюсуф Исмоилов, 2011-жыл

Тажикстанда 2013-жылы 10,5 жылга соттолгон журналист Махмадюсуф Исмоилов сот өкүмүндө көрсөтүлгөн сумманы төлөп бергенин, буга байланыштуу аны эркиндикке чыгарып же жатак абагына которушат деп үмүттөнүп жатканын билдирди.

Бул тууралуу ал абактан чыккан жарандардын биринен «Озоди» радиосуна берип жиберген катта жазылган.

Исмоилов 2013-жылы октябрда «Опузалоо менен акча талап кылуу» жана «Кызмат абалын пайдалануу менен алдамчылыкка баруу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жыл 5 айга эркинен ажыратылган. Журналист өзү айыптоолорду четке кагып, өкүмдү жергиликтүү бийликти ачык сындап жазганы менен байланыштырган. Анда Тажикстандын Журналисттер союзу Исмоиловдун соттолгонуна нааразылык билдирип, бул сөз эркиндигинин принциптерин буза турганын билдирген. Өлкөнүн Жогорку соту да журналистке карата чыгарылган өкүмдү «катаал» деп эсептеп, Согди облустук сотун ишти кайрадан карап, журналисттин жаза мөөнөтүн азайтууну өтүнгөн. Бирок облустук сот өкүмдү өзгөртүүгө «негиз жок» деп, өтүнүчтү канааттандырган эмес.

Быйыл сентябрда Тажикстандын Көз карандысыз журналисттеринин улуттук биримдиги Исмоиловдун жазасын жеңилдетүүнү өтүнгөн. Ага жооп катары журналист жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Хоженттеги №3 абактын жетекчилиги Исмоиловду эркиндикке чыгарууга мүмкүн эмес экенин, анткени ал «Акча талап кылуу» беренеси боюнча да соттолгонун, Кылмыш кодексинде мындай соттолуучуларга айып пул төлөтүү же бошотуу чарасы каралбаганын билдирген.

Махмадюсуф Исмоилов үчүнчү топтогу майып, кулагына жана бутуна эки жолу операция жасалган. Жубайы эки баласы менен батирде жашайт.

2013-жылдан бери Тажикстанда камактагыларга эки жолу мунапыс жарыяланган. Бирок бийлик анда журналисттин жаш курагын, майыптыгын жана балдары бар экенин эске алган эмес.

2019-жылы октябрда гана Исмоилов мунапыска илинип, камактагы мөөнөтү 1 жыл, 4 айга кыскартылган. Ага ылайык, журналист абактан 2022-жылы 4-августта чыгышы керек.

XS
SM
MD
LG