Ссылки доступа

АКШда 11 сенатор Байдендин жеңишине каршы пикир билдирүүгө ниеттенүүдө


Дональд Трамп менен сенатор Тед Круз 2016-жылкы президенттик шайлоонун алдындагы дебаттарга катышууда
Дональд Трамп менен сенатор Тед Круз 2016-жылкы президенттик шайлоонун алдындагы дебаттарга катышууда

АКШда Шайлоочулар коллегиясындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары чыгарылгандан кийин Сенаттагы республикачылардын 11 өкүлү Жо Байдендин жеңишине каршы пикир билдиришет. Бул тууралуу жаңы шайланган техастык сенатор Тед Круздун сайтына жарыяланган биргелешкен билдирүүдө жазылган.

Анда 2020-жылдын 3-ноябрындагы шайлоо көптөгөн бурмалоолор менен өткөнү белгиленип, добуштардын айырмасы анча көп болбогон штаттардагы жыйынтыктар эске алынбашы керектиги жазылган. Ошол эле маалда сенаторлор бурмалоолор болгондугуна олуттуу далилдерди келтире алышкан эмес.

Мындан тышкары сенаторлор тобунун билдирүүсүндө АКШ Конгрессинин 6-январдагы биргелешкен отуруму маалында алар Конгресстен атайын комиссия түзүүнү, ал комиссиядан он күн аралыгында шайлоо жыйынтыгын кайра карап чыгууну талап кылууга ниеттенип жатышканы жазылган.

Адатта Шайлоочулар коллегиясынын Конгресстеги баяндамасы символдук гана мүнөзгө ээ. Мындан улам көпчүлүк шайлоо жыйынтыгын четке кагууну каалагандардын далаалаты майнапсыз болоору алдын ала айкын деп билишет.

Президенттик мөөнөтү аяктап бара жаткан республикачы Доналд Трамп азыркыга чейин шайлоо жыйынтыгын тааныбай тургандыгын айтып, жүйөөгө негизденбеген доолорун улам кайталап жарыялап келет. Бирок 20-январда Жо Байдендин президенттик кызматка киришине каршы олуттуу бөгөт жаралбай тургандыгы эмитеден эле айдан ачык экендиги айтылууда.

XS
SM
MD
LG