Ссылки доступа

Трамп Жоржия штатынын бийлигинен ага 11 миң добуш «таап берүүнү» өтүнгөн


АКШнын президенти Дональд Трамп Жоржия штатынын мамлекеттик катчысы Брэд Раффенспергер менен телефон аркылуу сүйлөшүп, андан президенттик шайлоонун жыйынтыктарын кайра карап чыгууга жана өз жеңиши үчүн жетпей жаткан добуштарды «таап берүүгө» жардам сураган.

Журналисттердин колуна Трамптын Раффенспергер жана штаттын башка расмий адамдары менен телефондук сүйлөшүүлөрү учурунда жазылган аудио тийген.

«Мен болгону 11 780 добуш табышыңарды каалайм... анткени бул штатта биз жеңишке жеткенбиз. Жоржияда, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында адамдар нааразы болуп жатышат. Андыктан силер бюллетендерди саноонун жыйынтыктарын кайра тактап чыктык деп айтсаңар, анын эч кандай жамандыгы болбойт», – деген Трамп аудиожазууда.

Трамп президенттик шайлоодо Жоржияда жана башка бир катар штаттарда көптөгөн бурмалоолор болгондуктан гана утулуп калганын билдирип келет.

Америкалык басылмалар президент мындай билдирүүлөрү аркылуу расмий бийликке басым жасоого жана шайлоонун жыйынтыктарын кайра карап чыгууга жетишүүгө аракет кылып жатканын билдиришүүдө. Бүгүнкү күндө Жоржия штатында бийлик республикачылардын колунда.

Трамп буга чейин президенттик шайлоодогу «бурмалоолорго» тоскоолдук кыла албагандыгы үчүн Жоржиянын бийлигин бир нече жолу сындаган. Бир нече күндөн кийин бул штатта добуш берүү болуп, анын жыйынтыгында республикачылар АКШ Сенатындагы Жоржиядан шайланган эки орунун сактап калар-калбасы белгилүү болот. Мындан тышкары бул добуш берүүнүн жыйынтыктары Сенаттын жаңы курамында республикачылар көпчүлүктү сактап калар-калбасына да таасир этет.

XS
SM
MD
LG